жер титирөө

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2014-жылдын 18-декабрында саат 21:28де эпицентрде 3-4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында, Найман айылынан 5 чакырым батышында, Кызыл-Кыя шаарынан 20 чакырым түндүктү карай, Ош шаарынан 60 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

         Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 40º27´; чыгыш кеңдиги 72º07´.

     Жер титирөө: Найман айылында  3,5 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3 балл, Ош шаарында 2,5 балл болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.