Бишкектеги №3 балдар ооруканасына 2 жаштагы сабалган жана зордукталган бала түштү
Бишкектеги №3 балдар ооруканасына 11-январь күнү Аламүдүн районунун Озерное айылынан 2 жаштагы сабалган жана зордукталган бала түштү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ИИМден билдиришти.
Аламүдүн РИИБ бул факты боюнча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
«Бир катар экспертизалар дайындалды. Баланын көптөгөн жаракаттары бар. Туугандары, бала үйдүн тепкичинен кулап кетти деп түшүндүрүшүүдө. Дарыгерлер, зордуктоонун белгилери бар экенин айтып жатышат, бирок туугандары, балага ичи каткандыктан клизма жасашканын айтышууда», – деп билдиришти министрликтен.
Мындан кийинки чаралар дайындалган экспертизалардын жыйынтыктары чыккандан соң кабыл алынат. Баланын абалы оор. Врачтардын айтымында, бала азыр комада.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу