насилие дома

 Каракол ШИИБге кечээ, 12-январда саат 20.20 чамасында бир кыз чалып, атасы мас абалында апасын уруп, бычак менен коркутуп жаткандыгын маалымдаган.Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган жерге ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери барып, ашканадан моюнуна бычак сайылып, жаракат алган 53 жашар аялдын жансыз денесин табышкан.

Маалым болгондой, аны өлтүргөн күйөөсү короодо жүргөн. Кылмышке шектүүнүн айтымында, ал үйүнө саат 20.00 чамасында мас абалында келип, жубайы экөө уруша кеткен. Жини менен 53 жашар мырза балдарынын көзүнчө аялын ашкана бычагы менен сайып, ал көз жумган.

Каза болгон аялдын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган адам Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Булак: Турмуш