нанзавод1
 Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын март айында нан бышыруучу завод ишке кирет. Бул тууралуу Tazabek басылмасына шаардын мэри Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдун жумушчулар жамааты түзүлүүдө. «Жабдуулар жаңы. Андыктан 15-февралда жумушчулар Түркияга барып, 15 күндүк окууну окуп келишет. Мартта ишти баштайбыз. Долбоорго 8-9 млн доллар сарпталмакчы», – деди мэр.

Маалым болгондой, Бишкекте нан бышыруучу заводду куруу 2012-жылы эле сүйлөшүлгөн. Ал түрк системасында курулуп, саатына 8 миң бөлкө нан чыгаруу пландалууда.