преступник1

Бишкекте милиция кызматкерлери көчөдө бычак алып жүргөн эркек кишини кармашты, деп билдирди бүгүн, 25-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Анда маалымдалгандай, милицияга Дэн Сяопин көчөсүндөгү «Көк-Жар» кафесинин жанында бычак кармаган жигит басып жүргөнү кабарланган. Айтылган жерге барган милиция кызматкерлери 30 жаштагы таластык тургунду кармашты.

Кармалган адам Ленин РИИБге жеткирилип, териштирүү жүрүп жатат.