дтп

Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 57-чакырымында эки унаанын катышуусу менен болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кырсык кечээ, 24-ноябрдан бүгүн, 25-ноябрга караган түнү болгон.

Чүй облусундагы Петропавловка айылынын аймагында Жайыл районунун тургуну, 26 жаштагы К.С. башкаруусунда бара жаткан «Тойота Камри» унаасы жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынан алган жаракатынан «Тойота» унаасынын айдоочусу, кийинчирээк, аймактык ооруканадан ээсине келбеген ошол эле унаанын жүргүнчүсү, Петропавловка айылынын жашооучусу, 26 жаштагы К.Р., каза болду.

Жүк ташуучу унааны башкарып бара жаткан, Алай районунун тургуну, 50 жаштагы А.Э. жаракат алган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу башкаруусун жоготкон.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалардын бардыгы дайындалды жана Жайыл РИИБ тарабынан жол кырсыгынын себептери аныкталууда.