Красноярск крайындагы курулуш аянтында Кыргызстандын жаранын бетон плитасы басып калып каза болду
Орусиянын Красноярск крайында курулуш жүрүп жаткан аянтында Кыргызстандын жараны каза болду.
Бүгүн, 25-ноябрда «Комсомольская правда» билдиргендей, кырсык соода борбору курулуп жаткан Балахта поселкасында болгон. 36 жаштагы кыргызстандык жаранды автокрандын жардамы менен тепкич маршын монтаждоо учурунда бетон плитасы басып калган.
Жумушчуну райондогу борбордук ооруканага жеткиришип, бирок жаракат катуу болгондуктан аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Аймактын тергөө комитети 216-берененин 2-бөлүмү «курулуш жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук эрежелеринин бузулушу» боюнча кылмыш ишин козгоду.
Булак : Баракелде


Leave a Reply