задуш

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Кызыл-Аскерде 26 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү экөө арак ичишкен соң ортолорунда уруш чыгып, маркумду муунтуп өлтүргөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg