Аламүдүн районунда зордуктоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды
Аламүдүн районунда зордуктоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал үйүнө белгисиз адам кирип келип, күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу