англис

Билим  берүү жана илим министрлиги  үстүбүздөгү жылдын  9-февралынан   14-февралга чейин  “Англис  тил жумалыгы”  деп  жарыялады.  Бул  жума ичинде  бардык билим берүү  мекемелеринде  конкурстар, көргөзмөлөр, жолугушуулар, конференциялар уюштурулуп,  5-11-класстарда  “Англис тили – эл аралык  баарлашуу тили” аттуу темада ачык сабактар өтөт.

Министрлик мындай чечимди англис тили сабагына   кызыгуунун өсүшүнө жана  окутуунун сапатын көтөрүү максатында  кабыл алган.

Бегим ТУРДАЛИЕВА