Бир жума англис тилине арналат
Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылдын 9-февралынан 14-февралга чейин “Англис тил жумалыгы” деп жарыялады. Бул жума ичинде бардык билим берүү мекемелеринде конкурстар, көргөзмөлөр, жолугушуулар, конференциялар уюштурулуп, 5-11-класстарда “Англис тили – эл аралык баарлашуу тили” аттуу темада ачык сабактар өтөт.
Министрлик мындай чечимди англис тили сабагына кызыгуунун өсүшүнө жана окутуунун сапатын көтөрүү максатында кабыл алган.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу