каныбек3- Каныбек1- каныбек2-

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бүгүн, 24-февралдагы кезектеги жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 40-беренесинин башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Комитет жыйынына Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов, Германиялык эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) “Кесиптик-техникалык билим берүү жана жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү” программасынын жетекчиси Агнес Волльшлегер, аталган программанын эл аралык эксперти Элисон Шмидт, программасынын жергиликтүү эксперти Ж.Жээнбаева жана жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери катышты.

150 жылдан ашуун тарыхы бар көз карандысыз аккредитация маселесине токтолгон Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда эл аралык көз карандысыз аккредитация институту таанылганын, тиешелүү мыйзамда белгиленгендигин, анын аткарылышы улам мөөнөт суралып, кийинкиге жылып жатканын тизмектеп, азыр окуу жайларда көз карандысыз аккредитациялоо сезилерлик жылыштар болбой жатканын билдирди.

Ал эми GIZ уюмунун өкүлдөрү болсо өз баяндамаларында өлкөдө экономиканын деңгээли дагы билим берүүнүн сапатына жараша болорун, окуу жайларда билим берүүнүн сапатын арттырууда көз карандысыз аккредитацииялоонун максаттары менен маанисин белгилешти.

ЖОЖ ректорлору ааламдашуу маалында биздин ЖОЖдордун дипломдорунун эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы, дегеле билим берүүнүн өнүгүүсүндө эл аралык тажрыйбалардан артта калбоодо көз карандысыз аккредитация институту зарыл деген сындуу пикирлерин ортого салышты.

Талкууда комитет мүчөлөрү билим берүүнүн сапатын аныктоодо мамлекеттик аккредитациялоо тутуму эскиргендиги, коррупция коштолгон жагдайлар бар экенин анын натыйжасына билим берүүнүн сапатына эч ким кепилдик бере албастыгы, мындай мамиле мамлекеттик мамиле эместиги боюнча ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле мыйзам кабыл алынганы менен, мыйзам алдындагы актылар иштелип чыкпай, документтер кыймылсыз туруп калгандыгы сынга алынды. Мындай жагдайда Өкмөт конкреттүү чараларды көрүп, Билим берүү, илим министрлиги мөөнөттөрдү коюп, мыйзам аткарылышы зарылдыгы айтылды. Депутат Наталья Никитенко үстүбүздөгү жылы мыйзам алдындагы актыларды кабыл алууну сунуштады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 40-беренесинин аткаруу боюнча Билим берүү, илим министрлигинин иши жетишсиз деп белгилөө боюнча чечим кабыл алышты. Ошондой эле КР Өкмөтүнө аталган мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сындуу тапшырмалар белгиленди.