Каныбек1-

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти С.Бообекованын кайрылуусу каралды.

Кайрылуу ээси Сайнаке Бообекова советтик мезгилде эле кыргыз студенттерине кыргызча окуу китептери жок болгондуктан, химия предмети боюнча кыргызча окуу китеп түзүп, 1983-жылы химия боюнча биринчи кыргызча китеп чыккандыгын маалымдады. Андан бери кыргыз студенттер үчүн эсеп китеп болуп саналган “Жалпы химия боюнча көнүгүүлөр жыйнагы”, “Геохимиянын экологиялык проблемалары” аттуу китептери жарык көргөн.

С.Бообекованын айтымында, бул окуу китептерин колдонгон “Манас” эл аралык университети сый акы маселесин чечип берген. Ал эми Ж.Баласагын универсиети автордун аталган китептери университеттин басмаканасында басылгандыгы, китеп автордун кызматтык иликтөөсү сындуу жүйөөлөрүн келтирүү менен сый акы төлөбөй келишүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө бул маселе боюнча чакырылган Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын, Билим берүү, илим министрлигинин өкүлдөрүнүн пикирлери айтылгандан кийин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев мында топтогон тажрыйбаларын, билиминин жыйынтыгын кийинки муунга калтырып, химия боюнча кыргыз тилинде кызматтык иликтөөлөрүн окутуу методикалык эрежелерге ылайык китеп кылып чыгарган автордун укугу бузулуп жаткандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар комитет төрагасы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин администрациясын тиешелүү мыйзамдын талаптарын аткаруу менен С.Бообекованын китептери үчүн сый акы төлөнүп берилишин милдеттендирүүнү сунуштады.

Сунуш комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Анда мындай маселелер окуу жайлардын окуу-методикалык кеңешинин көзөмөлүнө алынышы белгиленген деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.