базар-коргон3- базар-коргон- базар-коргон2- базар-коргон1-

Базар-Коргон районунун борбору болгон Базар-Коргон айылында «Сымай-Гыда» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан синтетикалык негиздеги  жеңил бут кийимдер чыгарыла баштады. Быйылкы жылдын январь айында ишин баштаган чакан цех бөлүмү тарабынан өлчөмү 22ден 44кө чейинки 100 миң жуптан ашуун жеңил бут кийимдер чыгарылды.

-Азыркы мезгилде биздин жеңил бут кийимдерди чыгаруучу цехибизде 24 кыз-келиндер жана жигиттер эмгектенип жатышат. Алардын орточо иштеп тапкан маяналары айына  10-12 миң сомдон айланууда. Жеңил бут кийимдерди чыгаруучу жабдууларды толугу менен Туркиядан алып келдик. Чыгарылган жеңил бут кийимдерди Кара-Суу, Дордой базарларына сатууга чыгарууга жана Казакстан менен Россияга экспорттоого алдын-ала  келишимдер түзүлгөн, -дейт «Сымай-Гыда» ЖЧКсынын аткаруучу директору Сулайман Сариев.

-Бул чындыгында кубана турган көрүнүш. Изденип иштесе, инвесторлорду туура тандаса жеңил өнөр жай тармагын акырындап иштетүүгө боло тургандыгын Базар-Коргон районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү иш жүзүндө далилдешти. Азыраак болсо  дагы  бир катар жарандарыбыз  жумуш менен камсыз болушту, экинчиси  бут кийимдерди башка өлкөлөрдөн сатып албастан, өзүбүздөн чыккан сапаттуу жеңил бут кийимдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат,-дейт  цехтин иши менен бир сыйра таанышкан  өкмөттүн Жалал-Абад областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева.

«Сымай-Гыда» ЖЧКсы тарабынан чыгарылган жеңил бут кийимдер апрель айынан баштап соода-сатыкка кеңири чыгарыла баштайт.

Жолдошбай ОСМОНОВ