мать героина

Мындай маселени бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыкты.  Депутат айым, 8 балалуу Мамаюсупова Жамилянын өткөн жылдын сентябрь айында эле “Баатыр эне” наамын алууга документ топтоп, тапшырып, дагы деле маселеси чечилбей келе жатканын мисалга тартты. А.Алтыбаеванын айтымында, майыптыкка чыгууда жана аны жыл сайын тастыктоодо дагы толгон-токой документ талап кылынат. “Мындай жагдайлардын механизмдерин жөнөкөйлөтүү зарыл”,- дейт ал.  “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Өмүрбек Бакиров КР Улуттук гвардиясынын Шамалды-Сайдагы аскер бөлүгүндө жүрөк оорусунан каза болгон Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну Акжол Пазылбековдун маселесин көтөрүп, эмне үчүн жүрөк оорулуу бала аскерге чакырылат деген маселени Өкмөттүн астына койду. Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекирдек айылындагы мектеп Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки маалда салынган. Азыркы күндө бул мектепти колдонууга тыюу салынган. Бирок айылга жаңы мектеп куруу маселеси Өкмөттүн планын кирбей келет. Мындай көйгөйдү депутат Сайдулла Нышанов көтөрүп, аталган айылга мектеп куруу жагын караштырууну Өкмөткө тапшырды.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА