взятка
Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкек ШИИБдин 5-Башкармалыгы менен бирдикте Экологиялык инспекциянын мурдагы жетекчиси К.М. тарабынан жасалган кылмышты ачыкташты.

Бүгүн, 29-январда шаардык милициянын басма сөз кызматынын маалымдашынча, К.М. аталган инспекцияны жетектеп турганда, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн майрамдоого карата кызматкерлерди сыйлоо үчүн берилген 90 миң сом акчаны менчиктештирип алган.

Аталган адамга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголду.

ШИИБдин маалыматы боюнча, ал бүгүнкү күндө Кочкор районунун акиминин орун басары болуп иштейт.