мини

Жаңы жыл алдында Бакай-Ата районундагы  Оро  айылдык аймагынын Кыргызстан айылында “Алтын Күмүштак Mining” ЖЧКнын демөөрчүлүгү менен  заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, жаштарга расмий ачылышы  менен тартууланды. Ушул эле күнү футбол аянтчасында айылдын футбол ышкыбоздору  кошуна айылдан келген команда менен беттешип, кызуу оюнду өткөрүштү.  Аянтчанын  курулушуна 2 млн сомго жакын акча каражаты жумшалдыБул туурасында “Алтын Күмүштак Mining” ЖЧКнын Талас региону боюнча өкүлү  Э.Тыныбеков билдирди.

Аталган компания  Бакай-Ата районуна жана жалпы Талас региону боюнча социалдык пакеттин алкагында жана андан тышкары жалпы суммасы 13 миллион 36 миң  сом суммасындагы көмөктөрдү көрсөткөн.  Алып айтсак, Бакай-Ата районунун  Оро  айылдык аймагын өнүктүрүү фондуна 6 млн сом, 1-Май айылына 2 электр подстанциясын орнотууга 155000 сом, Наматбек айылына 2 млн сом, Бейшеке  айылдык аймагынын эсебине 1 млн сом социалдык көмөк катары которгон.  Жалпы баасы 317000 сомдук жаңы үлгүдөгү 20 комплект компьютер Наматбек, Кыргызстан, 1-Май, Боотерек жана Бейшеке айылдарынын орто мектептерине белек катары тапшырылган.

Социалдык пакеттен тышкары аткарылган колдоолору бир топ.  Талас облусунун 70 жылдык мааракесин өткөрүүдө салым катары 650000 сом кошкон. Кеңселерди  оңдоо үчүн Бейшеке айылына 200 000 сом жана Боотерек айылына 100 000 сом которулган.

Өткөн жылдын ноябрь айында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында болуп өткөн белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатынын катышуучуларына дүйнө чемпиондору Н.Кожобеков, Р.Идирисов жана алардын машыктыруучусу Б.Акматовдун жол акылары үчүн 1500 АКШ доллар акча каражаты колдоо катары берилген.

Кайрымдуулук иштерин да колго алган. Майып адамдардын эл аралык күнүнө карата Бакай-Ата районундагы майыптар жана карыялар үйүнө 50000 сом которгон. Мына ушул сыяктуу жардамдашуу максатындагы иш –чараларга облус боюнча жалпысынан 477000 сом акча каражатын жумшаган. Аталган компания айыл инфраструктурасын өнүктүрүү максатында АРИС программасы менен кызматташып, бир топ алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга жетишкен.

Учурда  бул компанияда  жергиликтүү тургундардан  50гө жакын адам  ар кандай адистиктеги жумуш орундарында иштешүүдө.  Бул жалпы жумушчулардын 90 пайызын түзөт.

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына болгон салыктар жана  төлөмдөр өз убагында так аткарылып келүүдө.

– Коомчулук жакшы маалымдар болгондой, алгач жергиликтүү тургундар тарабынан, экологияга зыяндуу деген мааниде, компаниянын чалгындоо иштерине каршы акциялар өткөрүлгөндүгү белгилүү. Бул маселе боюнча  республикалык деңгээлде түзүлгөн комиссиялык курам маселени жеринде иликтеп, жер кыртышына  ар тараптуу анализдерди жасаган. Жыйынтыгында экологиялык коопсуздук боюнча чечим кабыл алынган жана анын негизинде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери оң  натыйжасын берүүдө,- дейт  Э.Тыныбеков.

Э.Тыныбековдун маалыматына караганда, «Алтын Күмүштак Mining» ЖЧКсы Бакай Ата районунун Оро айылдык аймагына караштуу  Шыралжын кенине болгон геологиялык чалгындоо иштеринин 1-этабын 2014-жылдын декабрь айында бүткөрдү. Учурда баалуу металлдардын түрлөрү жана кору  такталууда.

Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу