Алтын, күмүшүң болсо уттурбайсың
Өлкөбүздүн Улуттук банкы баалуу металлдарды альтернативалык валюта катары колдонуу керек деген депутат Чыныбай Турсунбековдун демилгесин колдоого алды.
Депутат Ч.Турсунбеков 16-январда ушул маселеге тиешелүү мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, калктан алтын менен күмүштү альтернативалык валюта катары депозитке ала берүү керек деп билдирди.
Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттын идеясын колдоп: “Доллар азыр калктын сары майдай сактаган байлыгына айланууда. Эгер биз эксперимент жасасак, ал жакшы натыйжаларды берээринен шек саноого болбойт”, – деди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу