Йоахим1

 3-февралда Президент Алмазбек Атамбаев Рихард фон Вайцзеккердин каза болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка көңүл айтты.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүктүү саясатчы, Германия Федеративдүү Республикасынын биринчи Федералдык Президенти Рихард фон Вайцзеккер өлкөнү оор жана өткөөл мезгилде жетектегенин белгиледи. “Тынчтыкты жана европалык элдердин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон зор салымы ага бүт дүйнөдө чоң урмат жана кадыр-барк  алып келди”, – деп айтылат телеграммада.

Кошумчаласак, бириккен Германиянын биринчи Президенти Рихард Карл фон Вайцзеккер 31-январда 94 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1984-1994-жылдары федералдык президенттин кызматын өтөгөн.

Рихард Карл фон Вайцзеккер Экинчи дүйнөлүк согушта Германиянын багынгандыгынын 40 жылдыгына байланыштуу 1985-жылдын 8-майында Бундестагда сүйлөгөн сөзү менен эсте калды. Ал Германиянын багынышын “Боштондук күнү” деп атаган.