мырзак1

Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов Орусияда болушу мүмкүн. Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, экономикалык негиздемеси жок көпүрө курууга жана каржылоого Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген. Мунун кесепетинен мамлекетке 27 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Мырзакматовго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ошол убакыттан бери кайда экени белгисиз болуп, Үрүмчүгө кеткени дагы айтылган.

Айнура ШАЙКЕЕВА