философы1

Адам кыялга батып турган кезде ал – гений.

(А.Куросава)

“Мойнума оңой отурсун” деп мен неберелериме гана башымды ием.

(Евгений Ханкин)

Адамдарөлүш үчүн төрөлүп, кайра жаралуу үчүн өлүшөт.

(Юрий Кирнев)

Эч ким идеалды өмүрүндө эки жолуктура албайт. Бир жолу тапкандар да өтө сейрек кездешет

(Оскар Уайльд)

Уят-сыйыт көп кишилер үчүн башкалардын пикиринен коркуу.

(И.Тэйлор)

Бир жолу жупунулуктун чегинен чыккан адам түбөлүк уятсыз болуп калат.

(Цицерон)

Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү  түрлөрү гана эмес, сезимдердин да сейрек кездешүүчү түрлөрү жок болуп баратат.

(Джон Фаулз)

Чек ара дегенболбойт. Аны адамдар ойлоп табышкан, демек, бузса болот.

(Жан-Люк Годар)

Эгер сен адамды билгиң келсе, ал жөнүндө башкалар эмне айткандарына кулак салбай, ал башкалар тууралуу эмне айтаарына кулак сал.

(Вуди Аллен)

Бирөөнүн дарегине какшык ыргытсаң,  өзүң да ошондой жооп угуп калаарыңа даяр болушуң керек.

(Д.Свифт)

Бактысыз күндөрдө бактылуу күндөрдү эстегенден өткөн азап жок.

(Данте Алигьери)

Кымбат адамдарыбызды биз качан биротоло жоготобуз? Алар жаныбызда жок экенине жүрөгүбүз оорубай калганда.

(Лорен Оливер)

Тактай менен кирпичти ургулаган пайдасыз. Алар эч качан жооп кайтара албайт да.

(Брюс Ли)

Жарык кайсыл жакта экенин аңдасаң, караңгы каякта экенин түшүнөсүң.

(А.Блок)

Бул жашоодо эч нерсе акысыз болбойт, тагдыр сага ыроологон нерселердин баарынын өз баасы бар.

Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕКОВА