мамытов1

Өмүр учугун улоого, бейтаптардын үзүлгөн үмүтүнө шоола киргизип, тирүүлүктүн кубанычын белек кылган ак халатчандардын баш сабында турган чебер нейрохирург Миталип Мамытов быйыл 75 жашка толот. Агай менен даңктуу өмүр жолу тууралуу маек курдук.

– Агай, мааракеңиз кут болсун! Кышында төрөлгөн экенсиз, бул мезгилди жактырасызбы?

– Ырахмат! Мааракемди быйыл да, кийинки жылы да белгилесем болот (күлүп). Себеби, метиркемде 1939-жыл деп турса, раматылык апамдын айтуусу боюнча, 1940-жыл. Бардык төрт мезгилдин өз артыкчылыктары бар. Бирок, балалык доорумдагы ызгардуу кыштын  күндөрү башкача элестер менен көз алдыма тартылат. Анткени, кышкысын бир бөлмөлүү жер үйдүн так ортосунда төрт буттуу сандалдын чуңкуруна оттун чогун салып, үстүн чоң төшөктөр менен жаап, сандалдын ар тарабынан бутубузду алдына сойлотуп, оттун жылуу илебине жылынып жатып алчубуз. Себеби, ал учурда меш деген бизде болгон эмес.

– Туулуп-өскөн айылыңызга бат-бат каттап турасызбы?

– Ата-Журтуңдун, топурагы тутумдаш болгон айылыңдын өзүндө улуулук жатат. Айылыңдын шамалы, туманы, түтүнүндө да сыр катылгандай. Эмнегедир акыркы жылдар аралыгында айылыма көп бара албай калдым…

– Адамдын жан дүйнөсү менен саламаттыгын кандай байланыштырасыз?

– Туура, адамдын ички жан дүйнөсү менен адамдын ден соолугу өтө тыгыз байланышкан десем жаңылышпайм. Эң оболу ийгиликке жетем десең, Кудайдан коркуп, айланаңдагы адамдарга адамдык мамилеңди түзөө керектигин айтаар элем. Ал эми базар шарты, турмуштун оош-кыйышы адамдын күнүмдүк жүрүм-турумуна таасир бергени айдан ачык.  Экологиянын бузулушу да адамдардын саламаттыгына залакасын тийгизип, оорулардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Дени сак өлкөгө айланууга баарыбыз умтулууга тийишпиз. Адам аң-сезимин, руханий дүйнөсүн оңдошу абзел. Ошондо гана улуттун саламаттыгы, улуттун ынтымагы, улуттук идеологиябыз бири-бири менен тыгыз байланышта болот.

– Миңдеген адамдардын мээсин ачтыңыз… Нейрохирург катары айтсаңыз, эркектер менен аялдардын мээси бири-бирине окшошпу?

– Мээ – аябай татаал. Элестетип көрөлү, адамдын бүт өмүрү, саламаттыгы, сүйүү, жакшылык, жамандык, көралбастык жана ар түрдүү жагдайлар менен тыгыз байланышта. Мээни өтө тереңдик менен түшүнүү керек. Ар бир мээ өзүнчө керемет. Нейрохирург болуп мээни дарылап келатканыма 49 жыл болду. Мээнин ар кандай дарты, түрдүү абалы болот. Мээ өзүнүн кооз көрүнүшү, сулуулугу менен кишини суктандырат. Кудайга тобо келтирем, жаратылыш ушунчалык кооз нерсени жаратканына таңданам. Мээ абдан назик болгону менен өтө бекем жана күчтүү. Кантип эле ушул назик нерседен аң-сезим, сүйүү, жыргалчылык, арыштуу максаттар пайда болот? Бирок, дарттан жапа чеккен, кыйналган мээни көргөндө тынчсызданбай кое албайсың. Мээ тууралуу сөз козгоо өтө оор жана кыйын. Иш үстүндө мээ менен “сүйлөшүп” тилин тапсаң, ал көп нерселерди сага ачып, көп нерсеге уруксат берет. Мээнин боорукер, мээримге бай, ошондой эле бекемдикти, укмуштуудай күчтүүлүктү өз катмарына камтыйт. Аны күндө өз көзүң менен көрүп, өз колуң менен кармаган соң, мээ жөнүндө унчукпай коюунун өзү мен үчүн оор. Ал эми эркек менен аялдын мээсинин окшоштугун же айырмачылыгын байкаганым жок. Бирок, аялдардын мээси эркектердикине караганда, ар кандай кыйынчылыктарга чыдамдуу экени байкалат. Мээ адам тагдырынын үйү десем жаңылышпайм.

– Сиздин “Мээ да жашын төгөт” дегениңизди бир маектен окугам. Акылдын үйү кантип ыйлайт?

– Операция учурунда кокустан мээни чочутуп, кыйнап койсоң, анда аны жайлатууга болбой калат. Ошол учурда мээ “көз жашын төгөт”. Нейрохирург мээ менен жолугушуудан кийин ак халатынан муздак тердин, туздуу сууну сыгып чыгарган жагдайлар учурайт.

– Акыл жана эстин иштөө функциясына токтолсоңуз…

– Мээнин негизги жумушу акыл менен байланышкан.

– Кыргызстанда нейрохирургия клиникасын ачууну максат кылганыңыздан кабардар элек.

– Ооба, максатым – нейрохирургия клиникасын ачуу. Эгер клиника курулса, иштетип кете турган жаштар бар. Нейрохирургия клиникасын ачуу боюнча буга чейинки премьер- министр Жантөрө Жолдошевичтин, азыркы Өкмөт башчы Жоомарт Кайыповичтин кабылдоосунда болгом. Жоомарт Оторбаев бул маселени чечээрин билдирген. Жакында эле бул боюнча жаңы министрибизде да болдум. Клиниканы куруу көп каражатты талап кылат. Каражат жагын чечүү боюнча бир фонд менен сүйлөшүлгөн. Кудай буюрса, бул ишибиз башталганы турат десем болот. Курулуп, эл кызматына кирип калса, Кыргызстаныбыз үчүн да жакшы бир иш болмок.

– Эс алууга убакыт табылабы, агай?

– Бош убактымдын дээрлик көбүн, кесибиме байланыштуу көйгөйлөрдү жазуу менен алекмин.

– Жакында сиздин өмүр жолуңузга арналган “ Кыргыздын Улукманы” аттуу китеп чыкты, кандай кабыл алдыңыз?

– Ооба, китепти окудум. Автор менин ички дүйнөмдү көңтөрүптүр десем болот. Ал эми китептин басылышына айылдаш иним Рустам Маманов демөөрчү болгон экен.  Билишимче, Рустам быйылкы жылы эки ири долбоорду ишке ашырды. Ал эми менин китебиме демөөрчү болгонун китеп колума тийгенде билдим. Бул жигиттин да иштерине ийгилик каалайм, элине өз кызматын кылып, аман жүрсүн.

– Жаңы жыл да жакындап калды, жалпы журтуңузга жакшы тилегиңизди уксак…

– Бул жыл жумурай журтубуз үчүн жакшы жылдардан болду. Башкысы, эл-жер тынч. Келе жаткан жылыбыздын да жемиштүүлүгү, жагымдуулугу арбын болсун. Дарыгер катары ар бир адамга бекем ден соолук каалайм. Өлкөбүздө тынчтык болуп, журтубуз бакубатта өмүр сүрсүн!

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА