Нарынунивер1

  Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) ректору Дамира Өмүралиева соңку жылдары окуу жайда окуу имараттары жетишпей жаткандыгын атайын отурум учурунда билдирди.

-Бизде 5 окуу корпустары бар болчу. Алардын бири эскилиги жеткен имарат болгондугуна карабастан пайдаланып жатабыз. Ал эми мурунку педагогикалык окуу жайдын жатаканасы болуп келген 5 кабаттуу имарат жарыла баштаган жана жараксыз деп табылгандыктан улам бул имаратты бошотконго аргасыз болгонбуз. Эми капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 16 миллион сом талап кылынууда. Натыйжада, студенттерди 3 мөөнөт менен окутканга аргасыз болуудабыз,-деп билдирди Д.Өмүралиева айым.

Бош калган имаратты Нарын шаарына иш сапар менен келген вице премьер-министр Дамира Ниязалиева жеринде көрүп, бирок акча каражат толук чечилерин же чечилбестигин так айтпагандыгын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу