“Күлүктүн күлүгү-ой” демекчи, оргуштаган кыялдардын кемесине түшүп алып, дүйнөнүн туш тарабына саякат кылабыз. Кээде сүрөттөр менен көп нерселерди пикирлешебиз. Кол жетпеген бийиктерди самап, сыйкырчы болуп кетүүнү да ойлонобуз. Айтор, адам кыялы, ою абдан кең. Ушул өңүттө, эгер сизде кыялыңызды оорундатуу үчүн,  мүмкүнчүлүк түзүлсө, “Кайсы белгилүү адам менен эмне жөнүндө сүйлөшмөксүз?” деген суроо менен белгилүү инсандарыбызга кайрылып көрдүк.

Каназаров

Султан КАНАЗАРОВ“Азаттык Медиа” мекемесинин директору: “Квентин Тарантино менен жолугушмакмын”

-Пикир алышууну Квентин Тарантино деген инсан менен жолугуп кыялымды оорундатмакмын. Квентин Американын белгиүү кинорежиссёру, сценарист, актёр, кинопродюсер,  кинооператор ишинде кызмат кылган инсан. Бул режиссердун ар бир эмгеги мен үчүн башкача сезимди тартуу кылат. Бир сөз менен айтканда, дүйнөгө, турмушка болгон көз карашы абдан кенен жана өзгөчөлөнгөн инсан. Квентин Тарантинонун турмуштун маңызы тууралуу да, укмуштуудай цитаталары бар. Айтор менин кыялымда, ушул инсан менен жолугуп баарлашкым келет.

шаршеев-

Искендер ШАРШЕЕВ, экономист:Альберт Эйнштейн трубка тартмакмын”

-Кыялым менен жашаган нерселер орундала турган мүмкүнчүлүк болсо Мен Альберт Эйнштейн менен маектешип  отуруп, трубка тартмакмын.  Ал эми  Стив Джобс менен иштешмекмин. Буюрса Ларри Пейдж менен Сергей Брин менен иштешебиз деген максаттарым бар. Ларри Пейдж менен Марс бир теманы сүйлөшмөкмүн. Брин менен программа жазууну, өтө узак маекти Элон Маск менен Ричард Бренсон менен курмакмын.

алымбеков1

Эркин АЛЫМБЕКОВ, экс-депутат: “Жалгыз куткаруучуну эңсебейм”

-Ар бир нерсенин өзүнүн убактылуу (учурдук), тарыхый, руханий, экономикалык мааниси , закон ченемдүүлүктөрү, ошол учурдагы инсандын ролу жана таасири бар. Коом өзүнүн азыркы учурдагы өнүгүү деңгээлин, экономикалык, руханий, мыйзам жана идеология деңгээлинде, кандайдыр бир жалгыз куткаруучу эңсебей, коомдук эриш аркак (коммуникацияларды) колдонуп алдыга жылуу туура деп эсептейм. Кыскача айтканда, кандай улуу инсан болбосун, ал кишиден кандайдыр бир адамзатка же элибизге керектүү жашыруун, улуу сыр билгенге кызыкдар эмесмин. Ал сыр жок. Жыйынтыктуу        (үзүрлүү) өнүгүүнүн жолдору негизинен белгилүү, ошолорду колдонуп, ишке ашырсак болгон көйгөй, кыйынчылыктарды жеңебиз.

откеев1

Сүйүн ОТКЕЕВ, кино-режиссер: “Ажун Ылыжалы менен жолукмакмын”

-Мен негизи көчөдөгү бомж менен болсо да сүйлөшүп, жаңы бир нерсе үйрөнөм деген принцип менен жашайм. Себеби, ар бир адам өзүнчө уникалдуу. Андыктан мүмкүн болушунча бардык адамдар менен тил табышканга, алар менен маектешкенге аракет кылам. Ал эми  белгилүү инсандардан болсо, Ажун Ылыжалы аттуу түрк продюсер жана алпаруучусукиши менен жолугушуп, заманбап ТВнын күчү жана таасири жөнүндө сүйлөшмөкмүн.

Өмүрканов1

Жумгалбек ӨМҮРКАНОВ, журналист: «Акаев жана  Бакиев менен жолукмакмын”

-Мен Кыргызстандын экс президенттери Акаев жана  Бакиев менен сүйлөшүп, эмнеге, кантип, ким, канча, качан  деген суроолорго жооп алат элем.  Мамлекетибиздин мурдагысы жөнүндө чындык жоопторду алуу менен көптөгөн аткаминерлердин бетин ачып берүүгө мүмкүн  деп ойлойм. Ал эки адам жалпыга айтпай турган жана айта элек көптөгөн сырлары бар экени анык.

кожобеков

Тынчтыкбек КОЖОБЕКОВ, “Миң кыял ФМ” радиосунун музыкалык редактору: “Алмазбек Абеков агай менен жолукмакмын”

-”Алиппе ТV” билим берүү телеканалын ойлоп тапкан жана ишке ашырган, азыр туткунда жаткан Алмазбек Абеков менен жолугуп сүйлөшкүм келет. Себеби, бул адам кыргыз интеллектуалдык бизнесиндеги жаңыча ой жүгүрткөн  өзгөчө адам. Анын ой жүгүртүүсү менен кыргыз коомунун аң сезимин өгөртүүгө болот. Мен үчүн бул инсан Билл Гейтстен да бай, интеллектиси жогору адам. “Өз агасын агалай албаган, башка бирөөнүн үйүн сагалайт” болбой, өз кыз-жигиттерибиздин кадырын билүүчү мезгил келди! Тилекке каршы, Алмазбек ава темир тор артында олтурат. Адилеттик болуп бошонооруна ишенем. Бошогондо Алмазбек ава менин үйүмө келип чай ичип кетиңиз. Эшигим сиз үчүн ар дайым ачык. Сиз кут даарыган адамсыз. Муңайбаңыз!!!

Мээрим БАКТЫБЕКОВА