114 бала мал доктур адистигине акысыз окушат
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1,2” долбоору ишке ашырылууда. Долбоор мамлекеттик жана жеке менчик ветеринардык кызматтарга колдоо көрсөтөт. Мына ушул долбоордун алкагында Нарын, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын алыскы айылдарынан аталган окуу жайдын Ветеринария факультетинде 2014-2015-окуу жылында гранттык негизде билим алуу үчүн 114 абитуриент кабыл алынды. Алардын бардыгы жер-жерлердеги мал доктурлар жетишсиз болгон райондук ветеринария инспекциялары тарабынан атайын жолдомо менен жиберилген.
Кабыл алынган студенттерге долбоор окуу акысын төлөөдөн тышкары стипендия менен да камсыз кылат. Үч тараптуу түзүлгөн долбоорго ылайык окууну бүткөн адистер милдеттүү түрдө 3 жыл алган адистиги боюнча иштеп берүүсү керек.
29-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова Эл аралык эпизоотикалык бюронун экперти Манел Лопез Беджар менен жолугушуп, адистерди сапаттуу даярдоо маселесин талкуулашты.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу