“Кыргызстан-Кытай” темир жолун куруу аракеттери жанданды
“Кыргызстан-Кытай” темир жолун куруу долбоорунун ар кандай варианттарын Президент Алмазбек Атамбаев 20-январда өлкөбүздүн транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов жана “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору Аргынбек Малабаев менен биргеликте талкуулады.
Бул темир жолдун акыркы варианты эки өлкө үчүн да пайдалуу болушу керек деген мамлекет башчысы долбоор боюнча Кытайдын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөттүк делегацияны жетектеп барууну министр Калыкбек Султановго тапшырды.


Комментарий кошуу