Ош облусунда жер титирөө катталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча 2015-жылдын 21-январы күнү саат 19:29 чамасында республикабыздын аймагында эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу: Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашып, Ак-Таш айылынан 8 км түндүктү, Кара-Суу айылынан 10 км түндүк-батышты, Ош шаарынан 25 км түндүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 40° 44, чыгыш кеңдиги 72° 48´.
Жер титирөө: Ак-Таш, Кара-Суу, Кызыл-Шарк айылдарында – 3 баллга жакын, Большевик, Кировка айылдарында – 2,5 баллга, Ош шаарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Комментарий кошуу