Нарында почта бөлүмдөрүнүн имараттары айласыз абалга жетти
«Кыргыз почта» мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалынын бөлүмдөрү жайгашкан көптөгөн имараттары эч качан капиталдык оңдоодон өткөрүлө электигин ишкананын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубанычбек Карыев билдирди.
-Биз мамлекеттик аталганыбыз менен чарбалык эсепте иш кылабыз. Ошондуктан ушунча болуп бөлүмдөр орун алган бир дагы имарат толук кандуу оңдоодон өтө элек. Эптеп эле актап, сырдап келе жатабыз. Бул оңдоого акча иштегендердин эсебинен алынууда. Мисалы ар бир кызматкер бир жумалык эмгек акыларын алуудан баш тартышты. Чынында почтада чыныгы фанаттар гана иштеп жатышат,-дейт К.Карыев мырза. Мындай кинени шаар бийлиги моюндады.
-Азыркы учурда почта болбосо калкты тейлөө кандай болот белгисиз. Ошондуктан имараттар талапка ылайык оңдоодон өтүшү керек. Бирок биз мыйзам чегинде кандай жардам бере алабыз. Эгерде мыйзамга ылайык келсе, анда быйылкы жылы шаардык Кеңештен каражат сурагандай бололу,-деген жообун келтирет Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Комментарий кошуу