манзат1- манзат манзат2

Баткен ОИИБнын жана Лейлек РИИБнын оперкызматкерлеринин алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде Тажик Республикасынын Согди областынын Канибадам районунун Каракчикум айылынын тургуну 29 жаштагы Г.Г. кармашкан. Ага тийешелүү Лейлек районунун Жаныжер айыл аймагынын Арка2 айылында “Худжант-Канибадам” автожолунун түштүк тарабындагы тойкананын имаратынын артынан жалпы салмагы 1кг.45гр. ак-сары түстөгү өзгөчө жыты бар наркотикалык зат табылып алынган. Экспертизанын жыйынтыгы менен “героин” наркотикалык заты деп табылып, КРнын КЖКнын 247-беренесинин ч3. п.4,(наркотикалык заттарды мыйзамсыз алып өтүү)  204-беренесинин ч2.(контрабанда) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган Тажик Республикасынын жараны Г,Г. убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Дамира ЮСУПОВА,  Баткен ОИИБы