А.Кутушев: “Өлүм жазасын балдарга жасалган сексуалдык зомбулугу үчүн колдонсо болот”

2 жаштагы Ибрагимдин окуясынан кийин жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү жосундарын жасаган адамдарга карата өлүм жазасын колдонуу маселеси коомчулук арасында кеңири талкуу жаратууда. Бул маселе туурасында бүгүн парламенттик үналгыда да талкуу болду. Анда Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдыманап Кутушев өлкөнүн Баш мыйзамында өлүм жазасына тыюу салынганын билдирип, буга байланыштуу маселени азыртадан бир жаӊсыл чечип алышыбыз керек экенин кошумчалады.
Эл өкүлү өлүм жазасына карата тыюуну алып салууда, соттук жаӊылыштыктарга жол бербөө максатында, аны ишке ашыруу тартибин аныктап алууну сунуштайт. «Өлүм жазасын балдарга жасалган сексуалдык зомбулугу, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү, өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына зыян келтиргени үчүн колдонсо болот», – дейт А.Кутушев.
Динар ТУРДУГУЛОВА

Комментарий кошуу