Жалал-Абад шаарында “Жакшы жашоо көркөмдүү коом үчүн” деген ураандын алдында уюшулган акция өткөрүлдү
Жалал-Абад шаарынын чок ортосунда курулган узундугу 34 метр, кеңдиги 3 метр болгон “асма көпүрөдө” бүгүн, 21-январда Жалал-Абад жаштар Коомунун уюштуруусу менен акция болуп өттү. Анда шаар мэри, имамдар, аксакалдар, баатыр энелер катышып, көпүрөнүн курулушу менен ушул тегеректеги башаламан жүргөн жөө жүргүнчүлөрдөн жана каз катар тизилип токтотулган автоунаалардан пайда болгон автоунаа тыгындары жана жагымсыз баш аламан көрүнүштөн арылды,- деп белгилешип, “асма көпүрө” менен аркы жана берки беттерине басышып ак баталарын беришти. “Кирекечтердин (таксисттер) жана айрым соодагерлердин кесепетинен унаа тыгындары пайда болуп, жолдон ары-бери өткөндө тоскоолдуктар жаралып келди эле. Эми Ленин көчөсүнүн кеңдигин, унаа тыгындарынын жоюлганын, тургундарга шарт түзүлгөнүн көрүп кубанып олтурабыз,”-деп билдиришти аксакалдар.
Ал эми Баатыр эне Бермет Нарматова: “Көп жылдан бери шаардын ушул айланасында автоунаасы деле, жөө жүргүнчүлөрү деле, арабакечтер болобу, айтор кумурсканын уюгундай болуп кетти эле. Мына, азыр жол бошоп, жүргүнчүлөр “асма көпүрө” аркылуу өтүп, шаардыктарга дагы, келген конокторго дагы жакшы болду деп эсептейм”, – деп билдирди.
Шаарыбыздын коопсуздугун, тартибин, тазалыгын жана жашоо шартка болгон ыңгайлуулугун жакшыртуу максатындагы өзгөрүүлөрдү колдойлу. “Жакшы жашоо көркөмдүү коом үчүн” деген ураандын алдында уюшулган акция абдан туура болду деп “асма көпүрөдөн” өтүп жаткан адамдар да кошумчалашты.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу


Комментарий кошуу