хонда

Кыргызстанда  автоунааны Япониядан контрабандалык жол менен ташуу фактысы  ачыкталды.  Бул туурасында УКМК билдирет.  Маалыматка ылайык АКСтин кызматкерлери  Кыргызстандын жаранына тиешелүү  Хонда маркасындагы автоунааны кармашкан.  Унаанын техпаспорту принтерде  даярдалган  жасалма документ болуп чыккан жана   унаага бажы төлөмү төлөнбөгөн,  тиешелүү каттоодон да өткөн эмес. Бул факты боюнча прокуратура  кылмыш ишин козгоп, учурда иликтөө жүрүүдө.

Бегим ТУРДАЛИЕВА