көмүр1

Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев: “Өлкөнүн түштүк аймагын көгүлтүр отун менен камсыз кылуунун эки жолун таптык. Биринчиси, Кызыл-Кыяда көмүрдөн синтетикалык газ алуучу завод курабыз. 200-300 млн. доллар каражат сарптоого даяр инвесторлор табылды. Жакын арада Энергетика жана өнөр-жай министрлиги ошол инвесторлор менен келишимге кол койсо, завод 1,5 жылда курулат. Экинчиси, Баткенде абдан чоң көлөмдө болбосо да, газдын жаңы кени ачылды. Ал кеминде 5-10 жыл түштүктү камсыздоого жетет. Газ кенинен Ошту карай куур тартып келүүгө 200-300 млн. доллар талап кылынат”, – деп айтты.

Билгенден биле элегиң көп

Жаратылышта адамзатка белгилүү казып алынуучу энергия булактарынын 90%ы көмүрдүн үлүшүнө туура келет. Бирок, энергия булагы катары көмүрдү, мунай менен жаратылыш газын пайдалануунун экологиялык коопсуз жолдору азыркыга чейин толук чечилбей келет. Көмүр менен мунай элементтик курамы боюнча тектеш заттар. Эгер абдан майдаланган көмүрдү суутек менен байытса, белгилүү бир термодинамикалык шарттагы процесстин жүрүшүндө көмүр суюк абалга келип, касиети боюнча табигый мунайга жакын синтетикалык мунайга айланат.

Азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көмүрдөн синтетикалык суюк отун алууга өзгөчө көңүл бурулууда. Советтер Союзунда бул аракеттер өткөн кылымдын 30-жылдары эле башталып, Канск-Ачинск күрөң көмүр бассейнинде жана газдуу, жалындуу көмүрдүн Кузнецк бассейнинде тажрыйбалык иштер жүргүзүлгөн. Канск-Ачинск күрөң көмүрүнүн 4-5 тоннасынан, Кузнецк көмүрүнүн 2-3 тоннасынан 1 тонна синтетикалык мунай алууга болору аныкталган. Көмүрдөн бензин, солярка, мазут, керосин, ошондой эле органикалык синтез үчүн сырьелорду алууга болорун адистер жакшы билишет.

Советтик илимпоздор табигый мунайды адаттагы жол менен алууга караганда, көмүрдү мунайга айлантууга чыгым 30%га аз жумшаларын эсептеп чыгышкан. Демек, Кыргызстан үчүн суюк отун менен камсыз кылууда бул багыт тууралуу ойлонуунун мааниси бар.

Көмүр ташып, жолдорду талкалабасак да болот

Синтетикалык отун алуунун дагы бир ыкмасы – бул кубаттуулугу аз көмүрдү ар кыл максатта колдонуу үчүн жогорку кубаттуулуктагы көгүлтүр отунга айлантуу. Ал үчүн таш көмүрдүн бардык түрлөрү жарактуу. Көмүрдөн газды синтездөө күйүүчү жеңил отун алуунун экологиялык таза ыкмасы болуп саналат. Эгерде жаратылыш газына кеткен чыгымдар менен салыштырсак, 1 миң кубометр газды алмаштырууга 2 тонна көмүр керектелет – үнөм 50%га чейин жетет.

Көмүрдү жөн эле жакканга караганда, андан газды синтездөө отунду 20%га үнөмдөөгө шарт түзөт. Синтез-газды өндүрүүдө газогенератор-газификатор жабдуулары пайдаланылат жана аларга майдалыгы 20дан 80 миллиметрге чейинки көмүр колдонулат.

Көмүрдөн газ алуу жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана калдыктарды жок кылуунун алда канча келечектүү жана экономикалык пайдалуу ыкмасы экендиги талашсыз.

Жыйырманчы кылымдын 50-60-жылдары Советтер Союзунда 340тан ашык газогенераторлор иштеп, жылына 15 миллиард кубометр энергетикалык жана технологиялык газ өндүрүп турган экен. Бирок, арзан жаратылыш газы өндүрүлө баштаганы, бул тармак унутта калган. Азыр синтетикалык газдын мааниси кайрадан жогорулай баштады.

Көмүрдү газга жана суюк отунга айлантуу процесси, аны жөн жакканга караганда, атмосфераны алда канча азыраак булгайт. Бүгүнкү күндө көмүрдү газга айлантуунун келечектүү көп ыкмалары бар. Алардын бири – плазмохимиялык процесс. Ага керектүү жабдуулар өзүнүн чакандыгы менен айырмаланат жана андагы физико-химиялык процесстер жогорку ылдамдыкта жүрөт.

Иш кылсак да аргасыз Кытайга кылчаябыз

Кытайда көмүрдөн газ өндүрүүдө атмосферага түтүн жана ыш чыгарбаган газогенератор-газификатор жабдуулары колдонулат. Кытай Эл Республикасы экологиялык таза отун пайдалануу программасынын алкагында көмүрдөн газ алуу долбооруна 14 млрд. доллар каражат жумшаары мындан үч жыл илгери эле айтыла баштаган. Кытайлыктар 2020-жылга чейин газ керектөөнү үч эсе көбөйтүүнү пландап жатат жана импорттук газдын үлүшү 40%га чейин жеткирилет.

Быйыл кытайлар көмүрдөн 15 млрд. кубометр газ өндүрөөрү тууралуу маалыматтар бар жана ал жалпы керектөөнүн 7%ын жабат дешүүдө. 2012-жылдын жайында мамлекеттик “DatangPower” компаниясы кубаттуулугу жылына 1,33 млрд. кубометрлик өлкөдөгү алгачкы синтез-газ өндүрүүчү CTG заводун ишке киргизген жана ал ушул тапта Кытайдын 20 миллион калкы бар баш калаасы Пекинди газ менен камсыздоодо.

Кытайдын Ички Монголия, Шаньси, Батыш Синьцзян провинциялары көмүрдөн газ өндүрүүчү келечектүү аймактар болуп саналат. “SinopecCorp.” мунайгаз компаниясы бул аймактарда өндүрүлгөн газды өлкөнүн түштүгүндөгү керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн жылына 30 млрд. кубометр газ өткөрүүчү эки газ куурун курууну болжоодо.

Эми кайрадан кеп башталышына кайтсак, өлкө башчыбыздын калк турмушун жакшыртуу боюнча жасап жаткан аракеттери, албетте колдоого арзыйт. Алсак, өткөн жылдын апрель айынан тарта көгүлтүр отсуз калган түштүк аймактын көйгөйүн жаңы жыл алдында чечип берди. Бирок, “Газпром” компаниясынын көмөгү менен түштүккө жаратылыш газын берүү жандандырылганы көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү идеясын жыйыштырууга себеп болбойт. Анткени, газ алуунун бул жолу келечектүү жана экономикалык пайдалуу экендигин азыноолак түшүндүргөнсүдүк. Балким, адистер да үн кошуп, өз пикирлерин айтышаар.

Атай АЛТЫМЫШЕВ