Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети жаштарды атуулдукка тарбиялоого багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды
13-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору I-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Комитет жыйынында мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев жактады.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоор жарандык-атуулдук тарбиялоонун бүтүндөй бир системасына негиз салууга, жаштарды кыргыз коомунун рухий-адептик баалуулуктарына туруктуу түрдө тартуунун максаттуу жана мыйзам ченемдүү процессин уюштурууга багытталган. “Мыйзам долбоору жаштарды атуулдукка тарбиялоого болгон биринчи кадам”,- дейт М.Нуралиев.
Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү алгач жаштарды атуулдукка тарбиялоо боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, аны ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, долбоор аркылуу мыйзам долбоору кабыл алынган учурда аны аткаруу субьекттери белгиленгендигин такташты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.


Комментарий кошуу