Мамлекеттик карыз төлөнүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 12 млрд. 471 млн. 308 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин пресс-кызматы билдирди. Мындан сырткы карызды төлөөгө 4 млрд. 697 млн. 279 миң сом, ички карызды төлөөгө 7 млрд. 774 млн. 11 миң сом кеткен. Маалымдамада айтылгандай, 2014-жылдын 31-октябрына карата мамлекеттик карыз 208 млрд. 586 млн. сомду түзгөн.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Комментарий кошуу