Жогорку Кеңеште КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин жаӊы курамынын калган 4 мүчөсү бекитилди
Жогорку Кеңеште КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин жаңы курамынын 4 мүчөсүн бекитүү жөнүндө маселе каралып, бирдиктүү тизмеге добуш берүү жыйынтыгында КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин жаңы курамынын калган мүчөлөрү бекитилди.
Алар: Панайдин Кадыров, Жээнбек Мукамбетов, Урмат Момбеков, Алишер Юсупов.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин ушул жылдын 19-ноябрындагы жыйынында Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 20 мүчөсү бекитилип, 4 орун бош калган.
КР Конституциясынын 74-беренесине жана «КР Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Судьяларды тандоо кеңешинин курамынын 24 мүчөсү болууга тийиш. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу