Кылмышкерлер кыргыз сот адилеттүүлүгүнөн качып, Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жашына албайт, алар Кыргызстанга берилет, деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-декабрда Катар шаарында кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарга болгон иш сапарын жыйынтыктап жатып.

Мурдараак маалымдалгандай, А.Атамбаевдин 2-8-декабрь күндөрү болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду, анын арасында кылмышкерлерди берүү жөнүндө келишим бар.

А.Атамбаевдин айтымында, алгач бул документтер тизмеге киргизилген эмес, бирок бул маселелер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кошулду.

«Албетте, биз мыйзамдуу жол менен барабыз. Бул суроолорго күч түзүмдөрү кенен жооп бере алат. Мен көйгөйдүн өзүн чечтим. Эми Дубайда же кайсы бир жактарда жашынууга мүмкүн эмес. Кылмышкер Кыргызстанга берилет», – деди А.Атамбаев.

Булак : Баракелде