Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду
2014-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:
Доха шаарында жайгаштыруу менен Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
– республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


карагылачы кандай тан калыштуу катар мамлекети
жери да элэ да аз жашашат
нефть менен ушунча байышкан
а бизчи алтыныбыз туруп да башка мамалкеттке кайырчы болуп кетип жатабыз
жаштарды иш болсо катар мамалекетине жонотуп иш мн камсыз кыла турган бизге элчилик кере к
элчилик менен кантип байланышсак болот байланышуу жолун жазгалчы почтасын бергилечи жок дегенде