Азыр доллар куну туруктуу болбогондуктан, айрым тармактарга насыя алууну токтото туруу зарыл, – депутат К.Дыйканбаев
Биринчиден, Бажы биримдигине тиешелүү бюджеттик мамилелер такталбай турат. Анын бюджетке таасири кандай болот, азырынча белгисиз, деди ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев «Парламент» радиосунун түз уктуруусунда жаӊы бюджет долбооруна карата өз түшүндүрмөсүн берип жатып.
«Экинчиден, бюджетте доллар куну 53,5 сом болуп түзүлгөн, ал азыр 58 сом, дагы өзгөрсө кандай болот. Үчүнчүдөн, тышкы карыздар 60%дан ашпашы керек. Доллар кунунун өсүүсү буга да терс таасирин тийгизет. Муну Өкмөт эске алышы керек. Азыр доллар куну туруктуу болбогондуктан, айрым тармактарга насыя алууну убактылуу токтото туруу зарыл», – деди К.Дыйканбаев.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу