чоң ит

Ааламдагы  эң  чоң  иттин  аты  Жорж.  Учурда  ал  7  жашта,  салмагы  111 кг,  бою 2 метр 21 см  экен.  Жорж  Гиннес  китебине  Дүйнөдөгү  эң  чоң  ит деп  кириптир.  Бул  иттин кожоюндары иттин  артынан учурда атактуу  адамдардын катарын толуктап  турган чагы.  Алар Жорж туулганына  7 жума болгондо сатып алышкан. Ал күндөн күнгө чоңоюп, үйүнө батпай калганда, үй алмаштырууга туура келген. 1 айда Жоржго 50 кгдан ашык атайын ит багуучу тамак кетет экен.

Даярдаган Самара КАПАРОВА