ИИМ: Мас кишинин айынан поездди мажбурлап токтотууга туура келди
ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгында курамы менен тепловозду мажбурлап токтотуу фактысы катталды.
ИИМдин басма сөз кызмаыт билдиргендей, 17-ноябрда саат 13:40та Бишкек-Аламүдүн темир жол аралыгынын 1782-чакырымында темир жол транспортунун кыймылы токтотулган.
Маалыматка таянсак, темир жолдо мас абалдагы адам тургандыктан жүктүү курамдын айдоочусу, тезинен токтотууга аргасыз болгон. Жолдо кимдир бирөө турганын байкаган айдоочулар атайын үн чыгаруу менен белги беришкен. Тепловоз токтогондон кийин гана белгисиз адам жолдон чыгып жашынып кеткен.
Жерине келген ИИО кызматкерлери Нарын облусунун 1976-жылы туулган тургуну Э.А. кармашты. Э.А. катуу мас абалда болгон.
Кармалган адамга КР Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренеси (майда ээнбаштык) менен айып салынды.


Комментарий кошуу