Ысык-Көлдүн тургунун барскан менен сабап өлтүргөн 33 жаштагы шектүү кылмышкер камакка алынды
Бүгүн, 19-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол-Пристань кыштагынын 45 жаштагы тургуну Э.Самсинур денесине келтирилген оор жаракаттан улам каза болду. ОИИБге бул тууралуу маалымат кечээ, 18-ноябрда Каракол ШИИБден түшкөн.Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобунун алгачкы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшү менен бул ишке шектүү катары Ош облусунун Биринчи май айылынын тургуну, 33 жаштагы А.Жайсан кармалды. Белгилүү болгондой, шектүү кылмышкер 2013-жылдан бери Каракол-Пристань кыштагынын жашоочусу 42 жаштагы аял менен бирге жашап жүргөн.
Кармалган жарандын берген көрсөтмөсүнө ылайык, өлтүрүлгөн аял 16-ноябрь күнү мас болгон абалда шектүү кылмышкер менен бирге жашаган досунун үйүнө барган. Алардын ортосунда кайым айтышуу пайда болуп, жыйынтыгында Жайсан барскан менен анын денесине бир нече ирет урган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесиндеги 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Каракол ШИИБдин тергөө абагына камакка алынды. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Булак : Баракелде

Leave a Reply