Аламүдүн районундагы кой короодон жашаган жери жок жаран 68 баш койду уурдап кеткен
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы аймактык милиция кызматкерлери тарабынан мал уурусу кармалды.
Бүгүн, 19-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерине кайрылган Маевка айылынын тургуну мал кармаган короосунан жоголгон 68 баш коюн тапкандыгын билдирген.
Өз убагында берилген билдирүүнүн артынан аталган кылмыш ишинин бети ачылып, мал ууру кармалды, деп айтылат маалыматта. Бул ишти кылган деген шек менен туруктуу жашаган жери жок 29 жаштагы жаран кармалды.
Уурдалган малдар алынды, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Булак: Баракелде


Комментарий кошуу