ОторбаевПремьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоору, ошондой эле ББ жана БЭА алкагындагы нормативдик-укуктук актыларды өткөрүү процедуралары боюнча маселелер каралды.

“Бардык документтерди сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Биз Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына карама-каршылыктар келип чыгуусуна жол бербешибиз керек. Бардык процедуралар сакталып, тактап айтканда, Келишим долбоору кеңири коомдук талкууга алынышы керек» — деп белгилеп, ар-бир жетекчи сунушталып жаткан документтин сапаты үчүн жеке жоопкерчилик көтөрөөрүн түшүнүүсү абзел, — деди Өкмөт башчы.