Өкмөттүн веб-сайтына келишим долбоору коюлат
Кечээ Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Россия президентинин евразиялык интеграция маселеси боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту.
Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуу процессине байланыштуу маселелер туурасында сөз жүрдү. Өкмөт башчынын айтымында, учурда кыргыз тарап өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишим долбоору иштелип чыккан. Макулдашуу процедураларынан өткөн соң, долбоор кеңири коомдук талкуу үчүн Өкмөттүн веб-сайтына жайгаштырылат» — деп, маалымдады Премьер-министр.
Сергей Глазьев Кыргыз Республикасынын ББ жана БЭА интеграциялык бирикмелерине кошулуусу боюнча оң динамикасын белгиледи. «Кыргызстандын Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга бардык мүмкүндүгү бар. Россия Федерациясы тараптан бардык тийиштүү көмөк көрсөтүлөт» – деп, билдирди РФ президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев.

Комментарий кошуу