СПИД — величайшая афера XX века (4)

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнү дүйнөнүн бардык жеринде СПИДке каршы ар кыл акциялар өтөт.

Алгачкы жолу СПИД 1981-жылы 5-июнда АКШнын ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Кыргызстанда ВИЧ илдетин алып жүргөн 5692 киши катталган. Дартты жуктургандардын ичинен 1029 киши каза тапкан. Бул тууралуу республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүткан Чокморова билдирет. Анын айтымында, ушул тапта ар бир 100 миң кишинин сегизинде ВИЧ бар:

– Оорулуулардын 68% эркектер, 32% аялдар. Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Басымдуу бөлүгү 20дан 40 жашка чейинки курактагылар. Ал эми 300гө жакыны балдар.  Бул оору негизинен баңгизатты ийне аркылуу сайынуудан тарайт. Калгандары жыныстык жол менен, ошондой эле энеден балага жана медициналык каражаттардан жуктуруп алгандар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарына кирээрин айтат. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган. Жыл сайын 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет. Бул датага байланыштуу республиканын бардык аймагында ар кыл иш-чаралар өтүүдө.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА