Жалал-Абад шаарынын активи бир күндүк маяналарын Тоңдогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга берүү чечимин кабыл алды
“Учурда бир күндүк айлык маянаны накталай жыйноо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө. Буйруса топтолгон каражатка курулуш материалдарын алып, жабырлануучуларга ыкчам жеткирип берүүнү максаттап жатабыз”, – деди жумушчу топтун төрагасы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Салыжан Умаров.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунда болуп өткөн 7 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 1000 ашуун жеке үйлөр жана социалдык объектилер жабыр тартып, жараксыз абалга келген.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу