Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жер титирөөдөн жабыр тарткан тургундарга  гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад шаарынын активи тарабынан 22-ноябрда өткөрүлгөн отурумда ишкана-мекемелер, шаар тургундары жардам катары бир күндүк айлык маянасын жардам көрсөтүү үчүн бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда бир күндүк айлык маянаны накталай жыйноо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө. Буйруса топтолгон каражатка курулуш материалдарын алып, жабырлануучуларга ыкчам жеткирип берүүнү максаттап жатабыз”, – деди жумушчу топтун төрагасы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси  Салыжан Умаров.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунда болуп өткөн 7 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 1000 ашуун жеке үйлөр жана социалдык объектилер жабыр тартып, жараксыз абалга келген.

Булак: super.kg