спарт3 спарт спарт1 спарт2

Жалал-Абад шаарындагы мектептер арасында болуп өткөн спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылып, бүгүн, 21-январда шаарыбыздагы №5 мектептин спорт залында жеңүүчүлөрдүн сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган мектептин окуучулары шаарыбыздагы бардык мектептердин ичинен спорттун воллейбол, футбол, баскетбол оюндары боюнча биринчиликти алышты. Жеңүүчүлөргө шаардык билим берүү борбору тарабынан оюндун үч түрүнө 3 “кубок” жана 33 “алтын медаль” берилди,-деп билдирди  машыктыруучу Сыдык Исмаилов.

Шаардык билим берүү борборунун адиси Акылбек Таңатаров окуучулардын жеңиши менен куттуктап,  сыйлыктарын жана мыкты оюнчуларга Ардак грамота жана атайын футболкаларды  тапшырды.

Аталган мектептин 10-классынын окуучусу Алымбек Хайткулов үч жылдан бери баскетбол боюнча командада ойноп келген. Болуп өткөн оюнда ал мыкты ойноп, атаандаштарына топту алдырбаганга аракет жасап, бир канча ирет топту алкакчага түшүрүп, командасына жеңиш алып келген. Буга чейинки оюндарда экинчи, үчүнчү орунду алып келсек, быйыл биринчиликти алганыбызга кубанып турабыз дейт ал.

Белгилей кетсек, шаарыбыздагы мектептерден оюндун үч түрү боюнча биринчи жолу жеңишти бир мектеп алган учуру.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу