акунт1

Кыргызстандын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн 200дөн ашык партиялардын катарына дагы бир партия кошулду. Тагыраак айтканда, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Адам укугу” деп аталган партия түздү. Ага Турсунбек Акун өзү төрагалык кылмакчы. Азырынча курамында карапайым адамдар жана жаштардан бөлөк коомчулукка белгилүү адамдар деле жок. Бирок, Т.Акун партиянын катарына кошулууну каалаган укук коргоочулар жана коомдук ишмерлер үчүн эшиги ачык экенин билдирет.
“Бизде 200дөн ашык партия бар. Бирок адам укугун коргоо боюнча кызыкчылыгы бар бир да партия жок. Биздин максат – келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана бийликке келип адам укугун коргоо болуп саналат”, – дейт партияны негиздөөчү Т.Акун

Динар ТУРДУГУЛОВА